• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан "COVID-19суз саякаттоо" санарип платформасына кошулду

COVID - 19 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Кыргызстан "COVID-19суз саякаттоо" санарип платформасына кошулду. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын аккредитациядан өткөн 2 мамлекеттик лабораториясы тесттик режимде платформага туташтырылды (Бишкек шаарында - Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти, Ош шаарында - Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору).

COVID-19га тапшырган ПЧР-тесттин натыйжасын алуу үчүн колдонуучу App Store же Google Play'ден "COVID-19суз саякаттоо" тиркемесин жүктөйт. Тиркеме колдонуучуга COVID-19га тест тапшыра турган жакынкы лабораторияларды көрсөтөт. Лабораторияга барганда колдонуучу анализдин жыйынтыгын тиркеме аркылуу алуу ниети жөнүндө билдириши керек. Бул учурда, колдонуучуга жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жана мобилдик тиркемеде натыйжаларды алуу үчүн макулдук баракчасы берилет. Макулдук баракчасындагы QR кодду колдонуучу мобилдик тиркеме аркылуу сканерлеши керек. Андан ары, тесттин жыйынтыгы даяр болгондо, колдонуучу тестирлөөнүн натыйжасын QR код түрүндө алат.

Учурда жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн, жеке лабораторияларды "COVID-19суз саякаттоо" платформасына туташтыруу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.

Санариптик чечим Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр арасында жарандардын чек арадан өтүү учурунда COVID-19 жайылуу коркунучун азайтууга багытталган. "COVID-19суз саякаттоо" оорунун жайылуу коркунучун азайтып, мамлекеттер аралык көзөмөл тутумун бекемдейт.

Бүгүнкү күндө бул маалымат тутумуна Беларусь, Армения жана Россия кошулган.

Пикир

Оставить комментарий