• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 329 учур катталды. Жалпы 61,5 миң

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 61 миң 534 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 329 жаңы учур катталды. Ал эми 353 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 3 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 58 миң 69 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 510 бейтап каза болду. 2 миң 597 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий