• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Токтогул районундагы үйлөрдүн биринен 541 килограммдан ашык баңгизат табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын атайын операциянын жүрүшүндө 541 килограммдан ашык баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматына Токтогул районунун жашоочусу өзүнүн үйүндө өсүмдүк түрүндөгү баңгизатын даярдап жатат деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ишине алынган. Тергөө амалдары жүргүзүлө башталган.

Жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чаралардын натыйжасында Токтогул районунун 38 жаштагы Ү.М. аттуу тургундун сарайынан 15 даана канистр, 5 даана бочка, 4 даана ак түстөгү капка салынган күрөң-жашыл түстөгү өзгөчө кендир жыты бар зат табылган.

Андан сырткары, "ТОЗ-8" үлгүсүндөгү ок атуучу куралы, 12 даана 7.62 калибриндеги октор, гильзалар табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы көрсөтүлгөн заттардын жалпы салмагы 541 килограмм 609 граммды түзгөн. Анын ичинен суюктук баңги заты 489 килограмм 760 грамм, марихуана 51 килограмм 849 граммды түзөт. Азыркы учурда шектүү соттун чечимине ылайык эки айга камакка алынып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий