• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда жакыр үй-бүлөлөрдөгү балдарга 500 миң сумдан жөлөк пул берилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.07.21./Кабар/. Өзбекстанда "Темир дептерге" кирген үй-бүлөлөрдөгү ар бир балага мектеп куралдарын жана форма сатып алууга 500 000 сумдан (50 долларга жакын) жөлөк пул берилет. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 30-июнда Ташкентте өткөн Жаштар менен студенттердин форумунда билдирди.

Өзбекстанда "Темир дептер" былтыр түзүлүп, ага аз камсыз, үйүндө майып киши бар, социалдык коргоого муктаж үй-бүлөлөр, жалгыз бой кары-картаң кишилер, туруктуу жумушу жок жарандар жана карантинден улам ишсиз калган жарандар киргизилген.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мирзиёев "Темир дептерге" кирген үй-бүлөлөрдөгү абитуриенттер үчүн алардын алгачкы жылдагы контракттары бюджеттен төлөнө турган тартип киргизилерин билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, мындан тышкары жаш үй-бүлөлөргө ипотекалык программа боюнча турак жай алууга кошумча 2 миң квота каралып, бул максатта бюджеттен 60 миллиард сум (5,6 миллион доллар) бөлүнөт. Ошондой эле жаш үй-бүлөлөр ипотекалык насыяга төлөп жаткан каражат толугу менен киреше салыгынан бошотулат.

Мирзиёев "Темир тизмеге" кирген үй-бүлөлөрдөгү балдар никеге турганда аларга кошумча турак жай куруу үчүн 33 миллион сумдук (3 миң доллардан ашык) күрөөсүз насыя берүү системасы түзүлөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий