• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Статистика: Бир суткада 1485 адамдан COVID-19 табылып, 10 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 485 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 923, Ош шаарында – 33, Чүй облусунда – 165, Ош облусунда – 109, Талас облусуннда – 22, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 38, Джалал-Абад облусунда – 91, Баткен облусунда – 80 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 571 адам илдеттен сакайды, анын ичинде анын ичинде Бишкек шаарында – 264, Ош шаарында – 76, Чүй облусунда – 70, Ош облусунда – 68, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 46, Баткен облусунда – 26 адам.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 2 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 691 бейтап, амбулатордук түрдө 9 815 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 51 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 505 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 924 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 127 миң 880 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 111 миң 269 киши айыгып чыкса, 2 миң 19 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий