• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эл артисти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Балбай Алагушов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Кыргыз эли орду толгус жоготууга учурады.

85 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыздын тунгуч музыка таануучусу, эл агартуунун отличниги, Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун, композиторлор союзунун, жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз радиосунун алтын казынасынын уюштуруучусу, кыргыздын залкар ырчыларынын, комузчуларынын, кыл кыякчыларынын аткаруусундагы ыр-күүлөрдү өздөрүнүн аткаруусунда тасмага жаздырып, алтын корду түптөөгө салымын кошкон Балбай Алагушов катуу оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Балбай Алагушов 1936-жылдын 5-майында Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган.

1959-жылы Кыргыз улуттук университетинин (ал кездеги КМУнун) филология факультетин, 1973-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн.

1959 - 1965-жылдары алгачкы иш тажрыйбасын "Кыргызстан пионери" гезитинде бөлүм башчылык кызматынан баштаган.

1965 – 1985 - жылдары Кыргыз улуттук илимдер академиясынын философия жана укук институтунун эстетика жана өнөр таануу секторунда илимий кызматкер болгон.

1985 – 1998 - жылдары "Кыргызстан", "Адабият" басмаларында бөлүм башчы болуп иштеген.

Б. Алагушов 1997-жылдын 7-июнунан тартып “Азаттык үналгысы” аркылуу кыргыздын чыгаан композиторлорунун, акындарынын, ырчыларынын, күүчүлөрүнүн, комузчуларынын, кыякчыларынын өнөрүн элге таанытып, кыргыз улуттук көркөм музыкасынын өнүгүшүнө зор салымын кошкон.

“Кыргыз музыкасы” энциклопедиясынын жана башка публицистикалык, көркөм илимий китептердин, орто мектептер үчүн музыка сабагы боюнча окуу куралдарынын автору.

Кыргыздын мекенчил уулу, улуттук көркөм өнөр казынасынын түптөлүшүндө, өнүгүшүндө бараандуу орду бар Балбай Алагушов эл алдында сиңирген эмгеги үчүн “Эмгектеги артыкчылык” медалы “Манас-1000” медалы, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” жана “Кыргыз Республикасынын эл артисти” сыйлыктарына татыктуу болгон.

Мыкты устат, жаркын инсан, чыгаан композитор, көп кырдуу талант Балбай Алагушовдун жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н.Жапаров, Т.Т.Мамытов, У.А.Марипов, Ж.К.Бакашова, С.С.Касмамбетов, К.О.Иманалиев, Г.Дж.Байтерек, С.А.Аманова, М.К.Кожоев, М.Т.Байжиев, М.А.Абакиров, С.А.Раев, Ж.О.Кулманбетов, А.Өмүрканов, Т.А.Чокиев, Т.Т.Казаков, Н.О.Калыбеков, Т.М.Мураталиев, М.А.Бегалиев, А.А.Максутов, А.А.Өзүбеков.

Пикир

Оставить комментарий