• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстандагы Дүйнө чемпионаты көкпардын эрежеси менен өтсө, Кыргызстан ага катышпайт

Коом 0

Бишкек, 16.02.19 /Кабар/. Өзбекстанда көкбөрү боюнча Дүйнө чемпионаты көкпардын эрежеси менен өтө турган болсо, Кыргызстан ага катышпайт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов маалымат жыйында билдирди.

"Ташкенттеги болчу чемпионат көк бөрү эмес, көкпардын эрежелери боюнча өтө турган болсо, биз барбайбыз. Ал турган иш. Бир жолу барып уят болдук. Асманды караган балдарыбыз жер карап келди. Көк бөрүнүн эрежеси менен өткөргөнгө аракет кылабыз", – деди Аманкулов.

"Өзбекстанга айтканбыз, чемпионат үчүн тай казандарды жасап, алып барып, орнотуп беребиз деп. Оюнчулар үчүн коопсуз кылып. Ошондой милдеттенме алганбыз", - деп кошумчалады ал.

Ал эми Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов, Ташкентте чемпионат көк бөрүнүн эрежеси менен болот деди.

"Өзбекстанда Дүйнө биринчилиги тай казан менен өтүш үчүң бардык күч аракетти көрөбүз", - деди Саматов.

Эске салсак, 14-февралда Астана шаарында Дүйнөлүк көкпар ассоциациясынын жыйыны өтүп, катышуучу өлкөлөр бир добуш менен тайказандан баш тартуу чечимин кабыл алышкан.

Он өлкөнүн сегизинин макулдугу менен эл аралык турнирлер мындан ары Казакстан сунуш кылган көкпар эрежелери боюнча тайказаны жок, улактын ордуна муляж менен ойноло турганы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий