• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстандан Сауд Аравиясына жума сайын учак каттай баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Өзбекстан менен Сауд Аравиясы ортосунда аптасына 14 каттам ачылары күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын транспорт министринин орун басары Жасурбек Чориев билдирди.

Министрликтин өкүлү авиакаттам жөнүндө меморандум өзбек президентинин мамлекеттик сапарында кол коюлганын айтты.

Каттамдар Өзбекстандан Саудиянын Эр-Рияд, Жидда жана Медина шаарларына каттайт. Азырынча учактар Өзбекстандын кайсы шаарынан учары айтыла элек.

Жасурбек Чориев буга чейин Сауд Аравиясына ажылык жана умра үчүн гана каттамдар болгонун белгиледи.

Өзбекстан менен Сауд Аравиянын ортосунда визасыз режим киргизилген. Ага ылайык, Сауд Аравия жарандары Өзбекстанда 30 күн визасыз жүрө алат.

Пикир

Оставить комментарий