• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зеличенко: Бул чыныгы атайылап жасалган аскердик агрессия болду

Коом 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя ар кайсы деңгээлде дагы көпкө чейин талкууланат. Азыр башкы милдет - чындыкты табуу жана мындай окуя алдыда дагы кайталанбашы үчүн бул маселени биротоло жабуу. Чечүү жолдорун ар кайсы деңгээлде, анын ичинде эксперттик коомдун арасынан издөө зарыл. Ошентип, 7-майда ЖККУнун өкүлдөрүнөн, андан тышкары россиялык жана кыргызстандык экспеттердин катышуусунда “Баткен-2021: ким күнөөлүү жана эмне кылуу керек?” атту тегерек стол өттү.

“Борбор-Азиялык баңги саясаты борбору” коомдук фондунун директору Александр Зеличенко тегерек столдун жүрүшүндө баңги ишмердүүлүгүнүн изи бар, бирок бул Баткен облусундагы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болуп өткөн куралдуу кагылышуунун негизги себеби эмес деген оюу менен бөлүштү.

“Баңги ишкерлиги башка окуялардагыдай эле албетте катышты, бирок ал окуянын түздөн-түз уюштуруучусу болуп саналат деп айтууга болбойт. Мындай десек анда күнөө ошондо гана болуп калат. Бардык кесепеттеринен алып караганда бул чыныгы ойлонулуп жасалган аскердик агрессия болду. Азыр болуп өткөн окуялардан сабак алуу керек. Менин пикиримде ал жакта бары эми башталып жатат. Кыязы, кагылышуу болбойт, бирок ири масштабдагы кетмен согуштарынын денгээлиндеги кагылышуулар жетиштүү болот деп айтууга негиз бар”,-деди Зеличенко.

Ошондой эле, эксперт алсыз болбош керек деп кошумчалады. Баткен согушу учурунда армия жок болчу, эч ким даяр эмес эле деп айтышкан. “Бүгүн мен бир нерсени түшүнбөй турам, арадан 20 жыл өттү. Биз кайсыл жакты карап турдук, эмнеге эч нерсени уккан жокпуз. Чырдын башталганын эч ким байкаган жокпу? Ар кайсы өлкөлөр жана уюмдар менен машыгуулар өткөрүлүп келет. Алардын жыйынтыгы кана?”, - деп суроо салды эксперт.

Пикир

Оставить комментарий