• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөчө абал. Бишкекте 1-апрелге карата коменданттык саатты бузган 1 миңден ашык жаран кармалды – Орозалиев

Коом 0

Бишкек, 02. 04.20./Кабар/. Бишкекте өзгөчө абал киргизилген күндөн – 25-марттан тарта 1-апрелге чейин коменданттык саатты бузган 1 миң 76 адам кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Ал белгилегендей, кармалгандардын 931и эркек, калган 145и аял кишилер.

"Бишкек шаарынын аймагында 32 блокпост жана 76 карантиндик-санитардык көчмө пост коюлган. Коомдук тартипти жана коопсуздукту 3 миңден ашык милиция жана аскер кызматкерлери карап жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 116ге жетти. Алардын ичинен 5 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий