• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөндүн борбордук базарын шаардын четине көчүрүү пландалууда

Аймак 0

Ош, 14.11.18. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунун жергиликтүү бийлик органдары борбордук базарды шаардын четине жылдырууну пландаштырууда. Бул тууралуу Ош облусунун Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Болот Дыйканбаев билдирди.

Анын айтуусунда, биринчи кезекте курулуш материалдарын, айыл-чарба товарларын саткан кичи-базарларды андан кийин башка кичи-базарларды көчүрүү пландалган.

“Мындай жылдыруунун максаты – жол тыгын маселесин чечүү. Көп учурда базардын жанындагы тыгында элдер эки сааттан ашык убакыт туруп калышат. Жаңы базар бардык заманбап талаптарга жооп берет жана керектүү унаа токтотуучу жай менен да камсыздалат”, - деп билдирди Дыйканбаев.

Белгилүү болгондой, эски базарды жылдыруу үчүн шаардан 4 чакырым алыстыкта жайгашкан Жылалды айылынан 14 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Анын 9 гектарына жаңы муниципалдык базар курулат. Келечекте бул базардан жергиликтүү бюджетке 30 млн. киреше түшөөрү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий