• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөндө жеңил унаа сайга түшүп кетип, эки киши каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Чечебай айылында Daewoo Tico үлгүсүндөгү жеңил унаа сайга түшүп кетип, эки киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 29-ноябрда болгон.

Кырсыктан эки эркек киши каза болуп, дагы эки киши ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген.

Жерине ӨКМдин 4 куткаруучусу тартылып, унааны сайдан чыгарып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий