• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек — Ош жолунда үрөй учурган кырсык катталып, алты адам мерт кетти

Кырсык 0

Бишкек, 20.11.22. /Кабар/. Бишкек — Ош трассасындагы Капчыгай тилкесинде микроавтобус менен жүк ташуучу унаа кагышып, алты адам мерт кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ЖКККБнын маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 19-ноябрда болжол менен саат 10:00дө «Форд Транзит» үлгүсүндөгү микроавтобус карама-каршы тилкеге чыгып,«Скания» жүк ташуучу унаасы менен кагышкан.

Каза болгондордун тизмеси:

1.Кичиавтобустун 1968-жылы туулган айдоочусу Ж.А.А., Кадамжай районунун тургуну,
2. 1972-жылы туулган Г.Г.Ы. аттуу аял,
3. 1994-жылы туулган М.уулу.Р. аттуу бала,
4. 1967-жылы туулган С.Ш. аттуу киши,
5. 1972-жылы туулган И.С.С. аттуу киши,
6. Болжол менен жашы 65-70 жаштагы белгисиз аял (өздүгү такталууда).

Каза болгондордун баары кичиавтобустун жүргүнчүлөрү болгон.

Пикир

Оставить комментарий