• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кумтөрдүн жоголгон эки кызматкери табыла элек

Кырсык 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Тогуз күн мурун «Кумтөр» кенинде жоголгон эки кызматкерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы убакта жалпысынан издөө иштерине 94 куткаруучу тартылды. Алардын ичинде альпинисттер жана кинологдор дагы бар. Ошондой эле 36 оор техника иштеп жатат.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-декабрында эртең мененки саат 5:43тө Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Анын жалпы аянты - узуну 450 метр, туурасы 570 метр, бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12,825 миң куб метр болгон. Жыйынтыгында “Кумтөрдүн” эки кызматкери жоголгон.

Пикир

Оставить комментарий