• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тамеки тартуудан өрт чыгып, үй ээси жандандыруу бөлүмүнө түштү

Кырсык 0

Бишкек, 21.12.17. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында үйлөрдүн биринен өрт чыккан,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Суу айылында Умаров көчөсү-17 дарегиндеги үйдөн өрт чыгып, уктоочу бөлмөдө керебет, матрац, жаздык, төшөнчүлөр, жыгач терезе, пол күйгөн.

“Өрттүн кесепетинен үй ээси 1980-жылы туулган В.С. түтүнгө ууланып, райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий