• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жумабеков баштаган парламенттик делегация И.Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбарларды койду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.12.17 /Кабар/. Кечээ, 20-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Өзбекстан Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн биринчи Президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюу иш чарасына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Андан тышкары, делегация имам “Аль-Бухари” мемориалдык комплексине жана “Регистан” аянтына барды.

Белгилей кетсек, парламенттик делегациянын курамында Өзбекстан Республикасы менен кызматташуу боюнча Жогорку Кеңештеги достук тобунун жетекчиси Алмасбек Акматов, депутаттар Бакирдин Субанбеков, Алиярбек Абжалиев, Мурадыл Мадеминов, Азизбек Турсунбаев, Сайдулла Нышанов жана Камчыбек Жолдошбаевдер бар.

Эске салсак, аталган иш сапар Олий Мажлис Сенатынын Төрагасы Н.Юлдашевдин чакыруусу боюнча уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий