• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жумуртканы кантип туура тандоо керек?

Дүр дүйнө 0

Жаңы жумуртканы кантип туура тандап алуу керек? Адатта жумуртка шам чырагына кармап байкалат. Бирок дүкөндөрдө же базарларда жумуртканын тазалыгын же бузулгандыгын айырмалоонун эң жакшы жолу бар.

Жумуртканы полго же цемент төшөлгөн жерге коюп, кол менен акырын айландыруу керек. Эгерде жумуртка таза жаңы болсо 2-3 ирет айланып токтоп калат, айланып турган жумуртканын ички бөлүгүндө бир түрдүү каршылык күч байкалат. Жумуртканын ичинде эч нерсе болбосо тез жана көпкө айланат. Айлануусунун ылдамдыгы орточо болсо, бирок белгилүү инерциялануу менен бир нече ирет айланса жумуртканын эскиргенин далилдейт. Эски жумуртканын агы саргайып калат, тактар пайда болот. Агы сарысы менен аралашып кетет. Жаңы таза жумуртканын агы тунук болуп, агы менен сарысы аралашпайт.

Бир жумуртканын сарысында, агына салыштырганда азыктардын көп экендиги изилденген.

Пикир

Оставить комментарий