• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эт этке, шорпо бетке: Этти туура бышыруунун ыкмалары

Дүр дүйнө 0

Элибизде “эт этке, шорпо бетке” деген эзелтеден айтылып келе жаткан ардактуу сөз бар. Ошондуктан шорпо кандын туура жана өз убактысында айлануусуна чоң өбөлгө болот, ал эми эт болсо адамдын, этине эт кошуп, кубаттуулугун жогорулатат.Төмөндө этти кантип туура бышыруунун бир нече вариантын келтиребиз.

Этти жаңылантуу үчүн алды менен суу кайнатып, анан этти салыш керек. Эттин бетиндеги белоктуу нерселер катып калгандан кийин ички бөлүкчөлөрдүн көп өлчөмдө май жана белоктор анын ичинде калат да эттин даамы жаңыланат. Эгер даамдуу шорпо ичем десеңиз, муздак сууга салып жай кайнатсаңыз эттин ширеси, майы жана белоктору анын ичинен чыгып шорпого жакшы даам берет. Эгер этти жумшак бышырам десеңиз, бир даана долоно же ретка салып койсоңуз жумшак болуп бышат. Тузду кечирээк салса дагы эт жумшак болуп бышат. Эт бышып жаткан кезде казанга муздак суу куйбаш керек. Себеби муздак суу эттеги белокторду муздатып сапатын начарлатат жана эттин жумшак бышуусуна тоскоолдук кылып, эт сөөккө жабышып ажырабай калат.

Жалпак кылып тууралган этти бышырыш үчүн, аны казанга салуудан мурда крахмал менен аралаштыруу керек. Ошондо эттин курамындагы витаминдер жана белоктор коромжуга учурабайт, эт даамдуу болуп бышат.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий