• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айымдарга кеңеш: Бетке кам көрүү эрежелери

Дүр дүйнө 0

Аялзатынын бети өтө назик жана сезимталдуу болгондуктан айлана чөйрөдөгү жаман таасирлерге туруштук бере албайт жана кам көрүлбөй калган учурда бат эле бузулуп кетет. Мисалы, күндүн ысыгына, муздак абага, шамалга, деги эле жалпы мезгил ыргактарындагы аба ырайынын чайкалышына. Ошентип бет бузула баштаганда анда пигменттик тактар, сепкилдер жана башка жагымсыз көрүнүштөр байкала баштайт. Өзгөчө жаздын келиши менен аба ырайынын дароо өзгөрүп кыздардын беттеринде тактар пайда боло баштайт. Ошондуктан кыздар аларды кантип алдын алыш керек жана кантип кутулуш керек? - деп бул маселенин көйгөйүнө түшүп алышат.

Бардыгыбыз бетибиздин тунук жана жагымдуу, назик, чоюлчаак болушун каалайбыз. Ал эми бетибизге чыгып, пайда болгон тактар, сепкилдер безеткилер көркүбүздү бузуп, кыжырга тиет. Негизинен алардын бетте пайда болушуна жол бербешибиз керек жана эгер баары бир деле алар бар болсо алар менен күрөшүү үчүн жооп издеп калабыз.

Тактарды жок кылуу үчүн бир нече маскалардын түрү бар. Бирок алар кандай таасир берет, эч жерде жазылган эмес жана кепилдик берилбейт.

Ошондуктан биринчи кезекте сиз кандай тактар менен күрөшүп, бетиңизди кантип тазалагыңыз келип жатат, ошол жагын аныктап алышыңыз керек. Мисалы, безеткилер үчүн бөлөк маска, жөнөкөй тактар үчүн башка маска ар түрдүү беттин түрүнө жараша болот. Ички орган таза болуш керек Көпчүлүк учурда беттеги тактар, беттин жалпы бузулуусу ички организмдин
бузулушунан же кандайдыр бир органдын жабыркап ооруп жатышынан белги берет. Ошондуктан биринчи кезекте ден соолугуңузду чыңдап алышыңыз керек. Эгер чындап эле ички органыңыз ооруп жатса, сиздин бетиңиздеги тактарды эч кандай косметикалык каражаттар да, таасири күчтүү маскалар да кетире албайт. Качан гана ооруп жаткан жериңиз айыгып, ички организмиңиз тазланып өз калыбы менен иштеп баштаганда гана тактар өзү кетип, бетиңиз тазаланып, жүзүңүз жагымдуу болуп калат.

Туура тамактануу маанилүү. Тазалоочу каражаттар Тазалоочу каражаттар тактарды азайтуучу касиетке ээ. Алар ар кандай пилингдердин жардамы менен чыгарылат жана эпидермистен меланинди тазалайт. Ошентип пигменттик тактар тазарып, агара түшөт.

Үй шартында пилингдин ордуна курамында лимон кычкылтеги, сүт азыктары жана 20 % салицил спирти бар кремдерди колдонсо болот.

Бетти агартуучу жана тазалоочу маскаларды пилингден кийин колдонсо болот.

Курамында терини тазалай турган флавоноиддер жана феноль кычкылтеги бар жаңы чөптөрдүн ширесинен маска даярдаса болот. Мисалы, тысячелистник менен солодкодан жасалган маскалар эффективдүү.

Лимон менен бадыраңдын касиети

Лимондон жана бадыраңдан жасалган маскалардын тазалоочу касиетке ээ экенин бардыгыбыз билебиз. Анын курамында аскорбина кычкылтеги жана органикалык кычкылтектер бар болгондуктан, бетти тазалаганга чындап эле жөндөмү бар. Анын үстүнө бул жер жемиштерди издеп кыйналбайсың. Аларды дүкөндөрдөн да, базарлардан кыйналбай эле тапсаң болот. Ошондой эле эл арасында көк чөп (петрушка) дагы тазалоочу касиети менен белгилүү. Анын курамында эфир май бар болгондуктан, эффективдүү болбосо да, туура колдонууда сөзсүз жыйынтык болот. Пигменттик тактарды жана сепкилдерди тазалоочу ласьон Мындай тактарды кетирүү үчүн ласьонду даярдап алып колдонсоңуз жакшы. Жумуртканын агын көбүк болгончо эзип алып, ага бир лимондун ширесин кошуп аралаштырып, анан бир чай кашык глицирин жана 1/2 стакан одеколонду кошосуз. Даяр болгон бул ласьон менен жаттардын алдында бетти сүртүп, тазалап чыгиш керек. Сепкилдерди кулпунай маскасы менен тазалоо Сепкилдер менен күрөшүүдө кулпунай мөмөсүнөн жасалган маска эффективдүү. Аны даярдоо да оңой. Кулпунайдын бышкан мөмөсүн эзип маска кылып даярдап аласыз жана тазаланган бетке 20-30 мүнөт коюп коёсуз. Аны жылуу суу менен чайкап коюш керек.

Ал эми бетиңиздин териси майлуу жана безеткилер бар болсо, анда кулпунайдын ширесин бетке 15-20 мүнөт кармап турушуңуз керек.

Тери кургап, картайып бараткан учурда андагы пигментик тактарды кетирүү үчүн 10-15 мүнөт кармап турасыз. Бетти май менен тазалап алган жакшы. Мындай учурда масканы даярдоодо: эзилген кулпунайды марлиге салып, анан бетке коюш керек. Бул масканы жумасына 2-3 жолу жасаса болот. Бул курс 10 – 15 жолу жасалат. Мындай масканы туура жана так колдонгондон кийин бетиңиз тазарып, сергип, назик жана жумшак болуп калат. Кулпунайдын ширесинен жасалган сергитүүчү маска Кулпунайдын сыгылып алынган ширесине (1/4-1/4 стакан) марлини малып, ширени болушунча өзүнө сиңдирип алыш керек. Аны бетке акпай тургандай сыгып аласыз да, бетке 15 – 20 мүнөткө коёсуз. Масканы коюп бүткөндөн кийин муздагыраак суу менен чайкап, азыктандыруучу кремди сүйкөп коёсуз. Бул маска бетти тазалайт, витаминдер менен азыктандырат жана сергитет. Бетти тазалоодо сергитүү - маанилүү жана эффективдүү. Кургак жана нормалдуу териге бул масканы жасаардын алдында бетке майлуу бет май сүйкөп алуу зарыл. Бетке ак өң берүүчү жана тактарды билдирбөөчү ласьон Жүзүңүздүн ак болуп, сепкилдердин, тактардын байкалбашын кааласаңыз, бетти бир күндө бир нече жолу бул ласьон менен сүртүп турганыңыз жакшы. Аны даярдоодо: 50 грамм жаңы бадыраңдын кабыгына бир стакан сууну куюп 6 саат кармап коюш керек. Туруп калган ласьон менен бетиңизди сүртүп туруңуз. Күнгө күйүп калган бетти тазалоо Күндө көпкө кармалып сепкилдер чыгып кеткенде, тактар пайда болгондо майлуулугу аз каймак жана калинадан жасалган маска жардамын берет.

Мындай учурга бардыгыбыз эле кездешебиз. Ошондуктан биринчи кезекте андан сактанышыбыз керек. Азыр жай эмес. Эч кандай деле күндүн нуруна күйүү да мүмкүн эмес. Ошентсе да кийинкиңизге керек болуп, пайдасын тийгизет деген ой менен бул бири нече кеңештерди берип өтөлү. Эгер көпкө жүргөнгө мажбур болгон болсоңуз, сизге жардам берчү маскалар.

Күнгө өтө күйүп калганда калинанын ширеси менен майлуулугу аз каймакты бир өлчөмдө аралаштырып, анан териге коюңуз. Бир нече убакыттан кийин жылуу суу менен жууйсуз.

Бетти тоңуп калган ширенин музу тазалайт жана сергитет. Ал менен бетти сүрткөндөн кийин 15- 20 мүнөткө коюп коюш керек. Анан жууп, азыктандыруучу бет майдан сүйкөп коюңуз. Петрушка маскасы Петрушканын ширесин сүт менен бирдей өлчөмдө (майлуу бетке туруп калган сүттү, кургак бетке каймакты) аралаштырып маска даярдайсыз. Аны бетке 15 мүнөткө коюп кармайсыз. Андан кийин жылуу суу менен жууп коёсуз.

Лимон маскасы

Бети тазалап жууп, анан майлуу бет майдан сүйкөп, ага лимонду майда кылып кесилип алынган кесиндилерин коюп чыгасыз да 10 мүнөт коюп коёсуз. Бул масканы 10 мүнөттөн ашык койбоңуз жана бетиңиз кызарып кетпеши керек. Лимонду беттен алгандан кийин муздак суу менен чайкап койсоңуз болот же сүткө кебезди салып сүртүп койсоңуз болот. Кургак бетти тазалоо Жаңы бадыраңды кыргычтын бетинен майдалап өткөрүп алабыз жана бир ашкана кашыгы менен азыктандыруучу бет майдан кошосуз. Бетиңиз майлуу болгон учурда бадыраңга бир аш кашыгы менен арак кошуп бир суткага коюп коёсуз. Даяр болгон ширеге марлини салып, аны сиңдирип аласыз анан бетке коёсуз. Көз жана мурун, ооз ачык калыш керек. Бир курс 30 маскадан турат.

Кыргычтан майдаланып өткөрүлгөн бир бадыраңга бир чай кашык каалаган өсүмдүк майын кошобуз. Бул маска менен кургак бетке колдонсо жакшы.

Ошондой эле кургак бетке туруп калган азыктар пайдалуу. Кычкыл капустанын ширеси пигменттик тактар менен сепкилдерди кетирет. Ал ширени марлиге сиңдирип алып тактар бар жерге 10 мүнөткө коюп коюш керек. Бул масканын курсу 30 жолу жасалат. Бирок бат-бат эле колдоно бербеш керек. Күн алыс жумасына бир жолу жасаса болот.

Картошканын крахмалы менен лимондун ширесин бир өлчөмдө аралаштырып алып бетти тазаласа да болот.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий