• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Кыргыз жараны” концепциясы: ЖӨБЭММА этностор аралык коомдук-консультативдик кеңештер менен жолугушуу өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги этностор аралык коомдук-консультативдик кеңештердин төрагалары жана мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрында, аталган агенттик ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсеси менен биргеликте “Чыр-чатактардын эртелеп алдын-алуу жана болтурбоо тутумун колдоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында, этностор аралык мамилелер боюнча коомдук-консультативдик кеңештердин ролун күчөтүү максатында, элдин биримдигин бекемдөө жана Кыргыз жараны иденттүүлүгүн өнүктүрүү багытында республиканын 23 көп этностуу райондорунда жана шаарларында иштеп жаткан этностор аралык коомдук-консультативдик кеңештердин төрагалары жана мүчөлөрү менен кеңешме өткөргөн.

Агенттиктин директору Бахтияр Салиев кеңешменин катышуучуларына президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен бекитилген “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясы” жөнүндө жана Концепциянын негизги багыттары тууралуу айтып берген.

Ошондой эле Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын долбоорунун даярдалышы жөнүндө маалымат берип, Коцепциянын иш-чаралар планын ишке ашырууда райондук жана шаардык этностор аралык коомдук консультативдик кеңештердин ролу жөнүндө сөз кылган.

“Жолугушуунун жүрүшүндө этностор аралык коомдук-консультативдик кеңештердин ишинин жыйынтыктары каралып, өлкөбүздө элдин биримдигин бекемдөө боюнча тиешелүү иштерди туруктуу улантуу маселелери талкууланды. Ошондой эле катышуучуларга Чүй облусунун Сокулук районунун жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун этностор аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдамаларынын жүргүзгөн иштери боюнча маалыматтар берилди”, - деп билдирет агенттик.

Иш-чара тиешелүү санитардык нормаларды сактоо менен өткөн.

Пикир

Оставить комментарий