• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖӨБЭММА этностук жамааттардагы аялдардын укуктарын илгерилетүү боюнча семинар өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 2-декабрында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (ЖӨБЭММА) Эл аралык Тынчтык жана Укуктун Артыкчылыгы үчүн Макс Планк атындагы фонду жана Борбор Азиядагы Евразия фонду менен биргеликте “Эл биримдиги көп түрдүүлүктө” долбоорунун алкагында коомдук кабылдамаларга этностук жамааттардагы аялдардын укуктарын илгерилетүү жана коргоо боюнча кабардар болуусун жогорулатуу жөнүндө окутуу - семинарын өткөрдү. Бул тууралуу ЖӨБЭММАнын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган окуу-семинары элдин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жана өз ара урматтоону жогорулатуу, этностордун ар түрдүүлүгүн сактоо жана Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Агенттиктин директору Бахтияр Салиев өз сөзүндө коомдук кабылдамалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө айтып, алардын иштериндеги кемчиликтерди жана жетишкендиктерди белгилеп кетти.

Окуутуунун жүрүшүндө Агенттиктин коомдук кабылдамаларынын жооптуу катчылары чыр-чатактуу кырдаалдарды талдоо, картага түшүрүү жана чыр-чатактарды медиациялоо боюнча баалуу билим алышты. Агенттиктин жетекчилиги коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларынын 2020-жылдын 11 айындагы ишмердүүлүгүнүн анализин сунуштады. Тренингдин катышуучулары профилактикалык иш-чараларга жана Агенттикке отчет берүүгө байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Аталган окутуу ошондой эле аялдардын укуктарын илгерилетүү жана коргоо боюнча коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларын мамлекеттик жана башка мекемелер аркылуу, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Кепилденген мамлекеттик юридикалык жардам борборлору менен байланышуу аркылуу маалымдоого багытталган.

2020-жылдын 3-декабрында окутуу-тренингинин катышуучулары үчүн Чүй облусунун Сокулук районунда көчмө жолугушуу уюштурулду.

Көчмө жолугушуунун жүрүшүндө Агенттиктин жетекчилиги жана коомдук кабылдамалардын жооптуу катчылары Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-Аким Аманкан Кенжебаев менен жолугушушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы семинардын катышуучуларына элдин биримдигин бекемдөө жана жарандык өз таанымын өнүктүрүү боюнча райондо жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө айтып берди.

Тажрыйба алмашуу максатында Агенттиктин коомдук кабылдамаларынын жооптуу катчылары Сокулук районунун этностор аралык коомдук-консультативдик кеңешинин мүчөлөрү менен да жолугушту. Аталган жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жер-жерлерде чыр-чатактуу кырдаалды алдын алуу боюнча мониторинг жүргүзүү жана профилактикалык түшүндүрүү иштерин алып баруу боюнча тажрыйба алмашышты.

Жолугушуунун уландысында генттиктин Сокулук районундагы коомдук кабылдамасынын жооптуу катчысы Садабаев презентация жасап, коомдук кабылдаманын райондогу ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Талкуу учурунда пикир алмашуу болуп, көп этностуу жамааттардагы ишти өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылды. Өз кезегинде Агенттиктин жетекчилиги коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларын жер-жерлерде, айрыкча көп этностуу райондордо жана шаарларда элдин биримдигин бекемдөөгө жана жарандык өз таанымын өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды активдүү жүргүзүүгө чакырды.

Окутуу-семинарга агенттиктин директору Бахтияр Салиев, “Эл биримдиги көп түрдүүлүктө” долбоорунун улуттук аткаруучу директору Анара Надирбекова, Агенттиктин Мониторинг борборунун аналитиктери жана Агенттиктин Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй жана Баткен облустарынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы коомдук кабылдамалардын жооптуу катчылары катышышты.

Семинар тиешелүү санитардык нормаларды сактоо менен өттү.

Пикир

Оставить комментарий