• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Эне-Сай конушунда жаңы көпүрө курулду

Коом 0

Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Эне-Сай конушундагы Гидростроительная көчөсүн Курманжан даткадан Аул көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштеринин алкагында Аламүдүн дарыясына көпүрө курулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көчө жана көпүрө коомдук транспорт үчүн ачык.

"Жолду жана унаа көпүрөсүн куруу боюнча негизги жумуштар бүткөрүлдү. Жол Дордой 1 конушу менен Эне-Сай конушун байланыштырат", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Жолдун узундугу 1,4 чакырым, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метрди түзөт. Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки тарабына ыңгайлуу тротуарлар төшөлүп, жашыл жерлерди сугаруу үчүн ирригация орнотулду.

Ошондой эле бүгүндөн тарта Дордой конушунда жайгашкан мурдагы акыркы пунктунан № 192 маршруттук каттам Эне-Сайга чейин узартылды.

Жолдун курулушу Кытай грантынын эсебинен ишке ашырылган.

Пикир

Оставить комментарий