• 88.68
  • 95
  • 0.95

КРнын Малайзиядагы элчилигинде кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде ыйык Рамазан айына жана Кыргызстандын Конституциясынын 30 жылдыгына карата кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстандын Малайзиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Атай Наматбаев элчиликтин ишмердүүлүгү жана Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы мындан ары кызматташуу пландарына кыскача токтолуп кетти.

Ал биргелешкен күч-аракет менен Малайзияда жашаган мекендештердин ынтымагына салым кошууга, ошондой эле эки өлкөнүн достук байланышын чыңдоого ар тараптан көмөк көрсөтүүгө болот деген ишенимин билдирди.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, А.Наматбаев мекендештерди ыйык Рамазан айы жана Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

Мындан тышкары, консулдук маселелер боюнча, атап айтканда, КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий