• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Жүк 200дүн" чыгымы үчүн 50 миң сомду кантип алууга болот?

Коом 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-кеңештик борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев бүгүнкү "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында "жүк 200дүн" чыгымы үчүн 50 миң сомду кантип алууга болорун айтып берди.

Маалыматка ылайык, чет жерде каза болгон Кыргызстандын жарандарынын денесин мекенине кайтаруу боюнча чыгымдары үчүн каражатты алууда документтерди топтоонун жол-жобосу жеңилдетилген.

Мындан улам кайсы жерден алынып келгенине карабай "жүк 200" үчүн 50 миң сом төлөнөт. Мындан тышкары талап кылынган документтердин саны 14төн 3кө кыскарган. Жакын тууганына каражат алуу үчүн алып жаткан адамдын паспортунун көчүрмөсү, туугандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү (нике тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк) жана нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн өлгөндүгү тууралуу күбөлүк керектелет.

"Акча каражаттарын кароо жана которуу мөөнөттөрү 14 күндөн 6 күнгө кыскартылган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий