• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жүк ташуучу унаа чиркегичтери үчүн жаңы мамлекеттик номерлер чыгарыла баштады

Коом 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Жүк ташуучу унаа чиркегичтери үчүн стандартка ылайык жаңы мамлекеттик номерлер чыгарыла баштады. Бул тууралуу КР ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын аймагында узундугу 280, туурасы 200 болгон жүк ташуучу чиркегичтерге мамлекеттик номерлердин стандарты бар.

"Бирок жүк ташуучу чиркегичтердин ээлери бекиткичтерин өзгөртүүгө же мамлекеттик номерин бүгүүгө аргасыз болот, бул транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине ылайык мыйзам бузуу болуп саналат. Буга байланыштуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси тарабынан улуттук стандартка ылайык келтирүү максатында тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизген", - деп айтылат билдирүүдө.

Эми жаңы иштелип чыккан стандартка ылайык, узундугу 520 мм жана бийиктиги 112 мм болгон номердик белгилер даярдалып чыгат.

2023-жылдын 17-апрелинен тарта жүк ташуучу чиркегичтердин ээлери жүк ташуучу чиркегичтердин номерлерин жаңысына алмаштыруу арызы менен "Унаа" мекемесинин каалаган аймактык бөлүмүнө кайрыла алышат.

Пикир

Оставить комментарий