• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жүргүнчүлөрдү ташуучу “Ташкент-Балыкчы-Ташкент” поезд каттамына билеттер сатыла баштады

Коом 0

Бишкек, 27.02.18. /Кабар/. Жүргүнчүлөрдү ташуучу «Ташкент-Балыкчы-Ташкент» поезд каттамына билеттер сатыла баштады,-деп билдирет “Кыргызтемиржолу” ишканасынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, билет баалары: Бишкек шаарынан Ташкент шаарына чейин плацкарт вагонуна 2500 сомдон, купе вагонуна 3378 сомдон жана люкс вагонуна 6432 сомдон.

Эске салсак март айынан тартып, “Ташкент-Балыкчы-Ташкент” поезд каттамы ачылат.

№455/456 “Ташкент-Балыкчы-Ташкент” поезди Өзбек темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттайт.

Анын жүгүртмөсү төмөндөгүчө:

Алгачкы курам 2018-жылдын 22-мартында бейшемби күнү Ташкент шаарынан чыгат жана 23-мартта жума күнү Балыкчыга келет. Ал эми 24-март ишемби күнү Балыкчыдан кайра жөнөп, 25-март жекшемби күнү Ташкент шаарына келет.

Аталган поезд курамы ар бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Балыкчыдан кайра Ташкент шаарына жөнөп кетет.

Курамында 7 купе вагону, 3 плацкарт вагону жана вагон рестораны бар.

Пикир

Оставить комментарий