• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаңы дайындалган финансы министри Бакетаев жалпы жамаатына тааныштырылды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Кечээ, 13-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Финансы министрлигинин жамаатына жаңы министр Алмаз Бакетаевди тааныштырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрди дайындоо боюнча тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары жаңы дайындалган министр А.Бакетаевди жамаатка тааныштырып жатып, финансылык-экономикалык блок эң татаал жана жоопкерчиликтүү тармак экенин, бул көп күчтү жана энергияны талап кыларын белгилешти.

Ошондой эле алар Алмаз Бакетаев бул жаатта чоң тажрыйбага ээ болгон адис катары алдыга коюлган милдеттерди жеңе аларына ишенимин билдиришти.

Өз кезегинде министр Бакетаев өлкөнүн жетекчилигине жаңы кызматына көрсөткөн жогорку ишеними үчүн ыраазычылыгын айтып, өзүнүн бардык билими жана тажрыйбасын министрликтин кызматкерлери менен милдеттерди чечүүгө багыттай турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий