• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаңы окуу жылында Нарын медресесине 100 студент кабыл алынды

Коом 0

Бишкек, 21.09.19. /Кабар/. 2019-2020-окуу жылына карата Нарын медресеси биринчи курска 60 эркек студент кабыл алды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Учурда медресенин эркектер бөлүмүндө жалпы 76 студент билим алып баштады.

"Ал эми кыздар бөлүмү бул жылы жаңы 2 кабаттуу имаратка көчүрүлдү жана жаңы окуу жылына 40 кыз кабыл алынды. 2-курстарды эсепке алганда жалпы 50 кыз окуп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, кыздар бөлүмү 2018-жылы ачылып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Учурда Нарын медресесинде жалпы 126 студент билим алууда.

Пикир

Оставить комментарий