• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жакында Бишкек шаарында Анатолий Карповдун шахмат Академиясы ачылат

Коом 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Жакынкы аралыкта Бишкек шаарында Анатолий Карповдун шахмат Академиясы ачылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун эркектер арасында шахмат боюнча дүйнөнүн үч жолку Чемпиону Анатолий Карпов менен болгон жолугушуусында белгилүү болду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Анатолий Карпов Бишкек шаарына, 2017-жылдын 25-мартында шахмат боюнча балдар арасында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышуу үчүн келген.

«Сиз— көптөгөн муундардын кумирисиз, шахмат сүйүүчүлөр үчүн — тирүү легенда, мен сиз менен Бишкек шаарында жолукканыма кубанычтамын деди Сооронбай Жээнбеков. Сиздин келишиңиз жаш шахматисттер үчүн улуу гроссмейтер катары дайыма алардын эсинде кала турган жагымдуу окуя болду. Бул шахматка кызыккан өсүп келе жаткан муундарга дем бере турган маанилүү турнир», — деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Анатолий Карповго кайрылып жатып.

Жолугушууда Анатолий Карпов советтик спортсмендердин ийгиликтери, аны менен катар Кыргызстандын спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу эскерүүсү менен бөлүштү. Ал Кыргыз Республикасынын шахматчылары менен жакшы тааныш экенин жана жергиликтүү шахмат мектебин да жакшы билерин баса белгиледи.

«Биринчи жолу Кыргызстанга мындан 40 жыл мурда атайын адистерштирилген шахмат мектебинин ачылыша келгенмин. Андан кийин дайыма Ысык-Көл жээгинде татаал турнирлерге даярдануу үчүн келип турганмын. Сиздердин өлкөдө күчтүү шахмат мектеби болгон, анын учу азыр да куру эмес. Мен Кыргызстанга келүү боюнча чакырууну чын дилимден кабыл алдым», — деди Анатолий Карпов. Ал Кыргыз Республикасынын шахмат Федерациясы менен биргеликте, Бишкек шаарында автордук шахмат Академиясын ачуу боюнча иштер журүп жатканын билдирди.

«Мен ишенем, аталган мектеп балдардын шахматка кызыгуусун арттырат, буга чейинки башка мамлекеттерде иштеп жаткан Академиялар ийгиликтүү иштеп, жаштар арасында шахматка кызыккандардын саны өсүүдө», — деди гроссмейстер Анатолий Карпов.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дүйнөнүн үч жолку чемпиону Анатолий Карповго Кыргызстанда шахмат Академиясын ачууну колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирип, Өкмөт Бишкек шаарында Анатолий Карповдун Академиясынын ачылышына ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий