• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга скаут кыймылы киргизилүүдө. Ал эмне?

Коом 0


Бишкек, 06.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанга скаут кыймылы киргизилип жатканын “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты боюнча эксперти Мураталы Үчкемпиров билдирди.

Анын айтымында, скаут кыймылы Кыргызстанда буга чейин болгон эмес.

“Ал өзгөчө жаштарга окуудан сырткары бейформал билим берет. Бул жерде окуу, үйрөнүү, анализдөө анан жасоо эмес, жасоо аркылуу үйрөнүү деген принципте колдонулат. Балдарга өзүнүн, коомдун жана жараткандын алдында милдет коюлат. Жаштар жаратылышка аяр мамиле кылууну, өзүнөн кичүүгө сылык мамиле жасоону үйрөнүшөт. Дүйнөдөгү белгилүү скаут кыймылынын мүчөлөрү АКШнын мурдагы президенти Барак Обама, астронавт Нил Армстронг болгон”, - дейт ал.

Үчкемпиров кечээ Дүйнөлүк скаут бюросунун өкүлдөрүнүн жана Кыргызстандын аймактарынан келген 35 адамдын катышуусунда семинар өткөнүн мааалымдады.

Дүйнөлүк скаут бюросунун Евразиялык колдоо борборунун директору Шринат Тирумале Венугопал скаутинг 1907-жылы негизделип, 200дөн ашык өлкөнүн жаштарынын лидерлик сапатын өстүрө алганын белгилейт.

“Кечээги семинарда билим берүү жана жаштар менен иштөө тармагында иштеген адамдар менен жолугушуу өткөрдүк. Иш-чарадан кийин көбү мага кайрылып, скаут кыймылын качан баштасак болорун сурады. Негизи, биздин кыймыл дүйнөдөгү эң ирилердин катарын толуктайт. Кийинки жылы Түштүк Кореяда 40 миң балага 10 күндүк лагер уюштурулат. Кыргызстандын жаштары үчүн дагы өз өлкөсүнүн туусун Кореяда көтөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Азыр Кыргызстандын скаут кыймылына кирүүсү боюнча иштер мамлекеттик деңгээлде аткарылып жатат”, - деди ал.

Венугопал скаутинг жаштарды интеллектуалдык, физикалык, эмоционалдык, рухий жактан өнүктүрүүгө жардам берерин кошумчалады.

“Бизде балдар жаш курагына жараша төрт топко (4-8, 8-11, 11-14, жана 14-18) бөлүнөт. Ошондой эле 18-22 жашка чейинкилер дагы бар. Жашы улуулар кичүүлөрдү окутуп, үйрөтүшөт”, - деп билдирди Шринат Тирумале.

Евразиялык колдоо борборунун директору скаутинг диний жана саясий кыймыл эместигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Скаутинг — дүйнөнүн 224төн ашык өлкөсүндө 57 миллиондой жаштарды жана ыктыярчыларды бириктирген, билим берүү багытындагы дүйнөдөгү алдыңкы жаштар кыймылы.

Пикир

Оставить комментарий