• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жакында Бишкектин Панфилов көчөсү оңдоп-түзөөдөн соң ачылат

Коом 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Жакында Бишкектин Панфилов көчөсү оңдоп-түзөөдөн соң ачылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Панфилов көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Чыгыш Чоң Чүй каналына чейин бөлүгүндө оңдоо иштери аяктоо алдында турат.

"Кеңири масштабдуу реконструкциядан кийин жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 9 метрди, узундугу 726 метрди түзмөкчү, жолдун эки тарабына тротуарларды төшөп, жашыл жерлерди сугаруу уюштурдулду", - деп айтылат билдирүүдө.

Мэриядан белгилешкендей, бүгүнкү күндө асфальтбетон төшөлмөнүн үстүңкү катмарын орнотуу боюнча иштери аяктап, жолдорду белгилөө жана жол белгилерин орнотуу иштери башталуу алдында турат.

Эске салсак, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчө реконструкцияланат, ошондой эле 5 көпүрө курулган.

Иштер Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен, China Road and Bridge Corporation уюму тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий