• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот — Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешти сөз сүйлөп жатып билдиргендей, калкты таза суу менен камсыз кылууга өзгөчө мамиле кылып — артыкчылыктуу багыт катары аныкталган.

Анын маалыматына караганда, акыркы жылдары 107 айыл таза суу менен камсыз болду.

"2024-жылга чейин 715 айылда курулуш иштерин бүтүрүп, таза суу инфраструктурасын жаңыртабыз. Жалпылап айтканда, жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары, таза суу менен камсыз болот. Бүгүнкү күнү эл аралык финансылык институттардын каржылоосу аркылуу 588 айылга тизме түзүлүп, баардыгы болуп 33 млрд. сомдук финансылык булактар аныкталды", - деп билдирди президент.

Жээнбеков кошумчалагандай, инвесторлор менен каржы тартуу багытында сүйлөшүүлөр уланат.

"Негизинен гранттык элементтери менен, узак мөөнөттүү кредит тартып жатабыз. Бюджеттен да каражат каралууда. Таза суу — бул калкыбыздын ден соолугу, улуттун саламаттыгы. Таза суу болбосо, өнүгүү болбойт. Ирригация программасын ишке ашырууга өзгөчө маани берип жатабыз. Бул бекеринен эмес. Анткени бул маселе өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасир тийгизет. Ирригация деген — бул жумушчу орундар, жаңы сугат жерлер. Бул миграцияны токтотуу, аймактарды өнүктүрүү, жаңы конуштардын пайда болушу. Бул — амбициялуу максатыбыз. Аны аткарууга баардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшап жатабыз. Анткени, бул программа — жаңы муундун келечегине багытталган улуттук долбоор", - деп баса белгилеп өттү Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий