• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жал кичирайонундагы 140 орундуу бала бакчанын курулушу тынымсыз жүрүүдө

Коом 0


Бишкек, 22.05.22. /Кабар/. Бишкектин Жал кичирайонундагы 140 орундуу бала бакчанын курулушу тынымсыз жүрүүдө.

Курулуп жаткан бала бакча 140 орунга ылайыкталган. Жалпы сметалык баасы 135 млн сомго бааланып, жалпы 1 миң 484 чарчы метрди түзөт.

Курулуш инженери Алмаз Ибраев курулушта колдонуп жаткан арматуранын баарынын сертификаты бар экенин айтат.

“Россиядан келген материалдар колдонулууда. Сентябрь айына чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз. Курулушчулар учурда 10-12 сааттан иштеп жатат”, - деди ал.

Аталган объектте 20 куруучу иштөөдө.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын капиталдык курулуш жана инженердик-долбоордук даярдоо боюнча техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Роза Өзүбекованын айтымында, бала бакчанын жерпайын казуу 100 пайызга аяктаган.

“Учурда пайдубалын түптөп, куруу иштери жүрүүдө. 2022-жылга карата дагы 140 орундуу эки бала бакчанын курулушу башталат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий