• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: Айрым мектеп окуучулары толук түрдө салттуу окушат

Аймак 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы мектептерге толук кандуу уруксат берүү маселеси шаардык штабдын жыйынында каралды. Ага калаа башчысы Эрнисбек Ормоков жана комиссия мүчөлөрү катышты, - деп билдирет Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда шаарда коронавирус илдетине байланыштуу абал туруктуу. Бирок азыркы тапта ооруканада 17 адам, үй шартында 4 киши дарт менен күрөшүүдө. Ушул жагдайды жана Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрлигинин алгоритмин эске алуу менен штаб айрым мектептерге гана уруксат берди.

Мэриянын билдирүүсүнө таянсак, 25-январдан баштап окуучулардын саны 900гө жетпеген мектептер толук кандуу салттуу билим берүүнү улантат. Тактап айтканда, №6, 11, 16, 21, 19 мектептерде 1-класстан 11-класска чейин окуганга уруксат берилди.

Ал эми калган мектептерде 1-2-3-4-5-6-9-11-класстар гана мектепке барып билим алышат. Бул билим уяларындагы 7-8-10-класстар аралыктан окууну улантат.

"Мектептер азырынча штабдын чечиминин негизинде жогорудагыдай тартипте иштейт. Убакыт өткөн соң кырдаалга жараша дагы чечим кабыл алынат. Ал эми бала бакчаларга мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгына жараша уруксат берүү жагы каралат", - деп кошумчалашты мэриянын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий