• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: Азык-түлүктөрдүн баасын арзандатуу боюнча сүйлөшүү жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков азык-түлүктөрдү дүңүнөн саткан соодагерлер менен жолугушту.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйынга Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин, Мамлекеттик салык кызматынын, шаардык милициянын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда учурдагы базар баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүү жүрдү. Калаа башчы негизги керектөөдөгү (ун, май, эт, шекер өңдүү) азыктардын баасын арзандатууну сунуштап, кымбатчылык карапайым калкка кедергисин тийгизип жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий