• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад: инвестиция тартуу көлөмү үч эсе көбөйдү

Аймак 0

Бишкек, 18.01.18 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында өткөн жылы тышкы инвестицияларды тартуу көлөмү 2016-жылдагыга караганда үч эсеге жогорулады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, жалпы инвестиция тартуу көлөмү 102 пайызга өскөн. Башкача айтканда, 2016-жылы анын көлөмү 3 миллиард 260,6 миллион сом болсо, өткөн жылы 3 миллиард 326,9 миллион сомго жеткен.

“Эгерде 2016-жылы тартылган тышкы инвестициянын көлөмү 298,2 миллион сомго тете болсо, өткөн жылы 893,7 миллион сомдук инвестиция тартылып, айырмасы 595,3 миллион сомго жетти. Башкача айтканда, өсүү 299,5 пайызды түздү.

Бирок, шаарда ички инвестиция тартуу жагынан солгундук байкалды. Эгерде 2016-жылы тартылган ички инвестициянын көлөмү 2 миллиард 962,2 миллион сом болсо, өткөн жылы 2 миллиард 433,1 миллион сомго жеткен. Демек, мурдагы жылга салыштырмалуу 529,1 миллион сомго аз болуп, өсүү 82,1 пайызды түздү. Ички инвесицияны тартуу жагынан артта калуучулукка өткөн жылы шаар бюджетинин жыл аягында бекитилиши себеп болду”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий