• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: көп кабаттуу 18 үй борбордук жылуулукка кошулат

Аймак 0

Бишкек, 19.06.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 200дөн ашун көп кабаттуу үйлөр болсо, алардын араң гана 40ы борбордук жылуулук берүү тармагына туташып келген. Калган үйлөр өз алдынча же электр кубатын пайдалануу менен жылытылат. Электр кубатын көп пайдалануудан керектөө көбөйүп, жарык берүү үзгүлтүккө учураган учурлар кездешет. Мындай кезде биринчи кезекте үйлөрү борбордук жылуулукка туташтырылбаган үй-бүлөлөр, жаш балдар менен кары-картаңдар кыйналышат. Эми ушундай көрүнүштөн арылуу үчүн шаардагы жылуулук ишканасы кышка карата көптөгөн кабаттуу үйлөрдү борбордук жылуулук берүү тармагына кошууну башташты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Жалал-Абад шаарындагы “Спутник” кичи районунун жашоочусу Бурул Мамаюсупова көп кабаттуу үйдө жашаганына 4 жыл болду. Кышкысын үйүн электр кубаты менен жылытат. Ар бир бөлмөнү жылытуу үчүн көп каражат кетсе, бир чети электр менен жылытуу кооптуу да. Кошуналары менен чогуу жылуулук мекемесине кайрылып, борбордук жылуулукка кошууну суранышкан. Эми шаардагы жылуулук ишканасынын аракети менен ал жашаган үйдө кышкысын жылуулук берилет.

Аталган жылуулук ишкана кышында үйлөрдү жылуулук менен толук камсыз кылуу аракетин быйыл эрте башташты. Жаңыдан 5 от казаны курулуп, алар пайдаланууга берилүү алдында турушат. Ал эми үйлөргө жылуулук берүү үчүн баары болуп 17 от казан болсо, азыркы кезде анын 14ү иштейт.

Шаардагы үйлөрдү борбордук жылуулукка өткөрүү ишине “Кыргызжылуулукэнерго” ишканасы жыл башынан каражат бөлгөн. Жалпы иштердин көлөмү 10 миллион сомдун тегерегинде. Борбордук жылуулукка улануу чыгымдарынын 20 пайызын гана абоненттер төлөсө, калган 80 пайызын мамлекет каржылайт.

Пикир

Оставить комментарий