• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад мэри математика боюнча олимпиадада ийгилик жараткан окуучуларды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков математика предмети боюнча эл аралык олимпиадада күмүш медаль уткан Курманбек Баатыр атындагы лицейдин 8-класстагы окуучусу Яхё Мамазаитовду жана коло медаль уткан 7-класстын окуучусу Барсбек Абдумиталиповду агайлары менен бирге кабыл алды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы мыкты окуган окуучулардын ийгилиги менен куттуктап, билимдүү жаштарды ар дайым колдой турганын баса белгиледи.

Эске салсак, математика предмети боюнча эл аралык олимпиада ушул жылдын 6-февралында онлайн форматта өтүп, ага Жалал-Абад шаарынан 43 окуучу катышкан. Аталган эл аралык олимпиадада дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн окуучулар күч сынашкан.

Пикир

Оставить комментарий