• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-венгрия ректорлорунун II конференциясы Кыргызстанда өтөт

Коом 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Кыргыз-венгрия ректорлорунун II конференциясы ушул жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 14-февралда Будапешт шаарында кыргыз-венгрия ректорлорунун I конференциясы өтүп, 31 документке кол коюлган. Конференцияга Кыргызстандын 18 жогорку окуу жайынын жетекчилери жана Венгриянын жогорку окуу жайларынын 40тан ашуун өкүлү катышкан.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 13-14-февралда иш сапары менен Венгрияда болду. Сапардын алкагында жогорку окуу жайлардын ректорлору эки билим берүү тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган иш-чараларга катышкан.

Пикир

Оставить комментарий