• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиядагы элчилик КР жарандарынын укуктук билимин жогорулатуу максатында семинар уюштурат

Коом 0

Бишкек, 08.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФнын аймагында жашаган КР жарандарынын укуктук сабаттуулугун жана укуктук билимин жогорулатуу максатында россиялык компетенттүү органдарынын катышуусу менен укуктук абалга тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулоо боюнча бир катар тематикалык онлайн семинарларды өткөрүүнү пландаштырып жатат.

Элчиликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 11-мартта Москва убактысы боюнча саат 12:00дө “Кыргызстандын жарандарынын Россиядагы жүрүм-турум фактору боюнча юристтер менен адвокаттардын сунуштары” аттуу темада Москванын Борбордук адвокаттар коллегиясынын өкүлдөрү менен түз баарлашуу форматында онлайн берүү өткөрүлөт.

"Ушуга байланыштуу КР жарандарын аталган иш-чарага катышууга чакырабыз. Иш-чара Instagram (kg.consul.ru) социалдык тармактарында, ошондой эле элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн YouTube каналында түз эфирде көрсөтүлөт (түз шилтеме https://youtu.be/cTx-0mFXct0). Катышуучулар өздөрүнүн суроолорун баяндамачыларга бере алышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий