• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда өрт кырсыгын алдын алууга багытталган машыгуулар өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Жалал-Абадда өрт кырсыгын алдын алууга багытталган машыгуулар өткөрүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Сузак районундагы Ы.Чанаков атындагы №31 жалпы билим берүүчү орто мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өттү.

Машыгуунун алкагында алгач билим берүү мекмесинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, жерине өрт өчүрүү жана куткаруучулар тартылып, имараттагы мектеп окуучуларын коопсуз жайга эвакуациялап, күйүк алган окуучуларга биринчи жардам көрсөтүлүп, коопсуз жайга чыгарылды.

Ошондой эле өздүк курам тарабынан мектеп окуучуларына жана мугалимдерге өрт өчүрүү шаймандары жана техникалар тууралуу маалыматтар айтылып, өрт кырсыгынан сак болуу керек экендиги эскертилиди.

Пикир

Оставить комментарий