• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облустук соту жарым жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төраганын орун басары Качыке Эсенкановдун катышуусунда Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сотторунун 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгү боюнча онлайн кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖС басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Нургуль Асанова, Жогорку соттун судьясы Болотбек Акматов, Жогорку соттун соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адинахан Кадырова, Жалал-Абад облустук соттун судьялары жана жергиликтүү соттордун төрагалары катышышты.

Жыйында облустук соттун төрагасынын орун басарлары ар бир судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашырууда иштерди кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча маалымат менен тааныштырышты. Ошондой эле иштерди кароодо келип чыккан суроолор талкууланды.

Мындан тышкары, апелляциялык инстанцияга даттанылган соттук актылардын бузулушу жана өзгөртүлүшү боюнча талкуулар жүргүзүлүп, биринчи инстанция сотторунун кетирген кемчиликтерине көңүл бурулду.

Жалал-Абад облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча төраганын орун басары Бактыбек Султанканов райондук жана шаардык соттор тарабынан жазык, жорук жана бузуулар жөнүндөгү иштер жана жазык сот өндүрүшүндөгү соттук материалдар биригип жалпы 1 миң 480 иш келип түшүп, 1 миң 83 иш толугу менен каралып бүткөндүгүн, ал эми апелляциялык инстацияда жалпы 398 иш келип түшүп, 275 иш толугу менен каралгандыгын билдирди.

Жалал-Абад облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Бакыт Калыковдун берген маалыматы боюнча, 2021-жылдын алты айында биринчи инстанция сотторуна 6 миң 377 жарандык жана экономикалык иш келип түшүп, 4 миң 923 иш толугу менен каралган. Ошондой эле 604 соттук материалдар келип түшүп, 446 соттук материал каралган. Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык тартипте 450 жарандык жана экономикалык иш келип түшүп, 267 толугу менен каралып, 108 соттук материал келип түшүп, 58 соттук материал каралган.

Облустук соттун административдик иштер боюнча төрагасынын орун басары Токтосун уулу Каныбек 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында Жалал-Абад облусунун административдик соту тарабынан 315 административдик иш келип түшүп, 155 иш толугу менен каралгандыгын, мындан тышкары 18 соттук материалдар келип түшүп, 17 соттук материал каралып, ал эми апелляциялык инстацияда 152 административдик иш жана 4 соттук материалдар келип түшүп, 99 административдик иш жана 3 соттук материал каралганын айтты.

Ошондой эле Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдулхаким Таштемиров ушул жылдын алты айында аткарылган иштер жана жергиликтүү сотторду материалдык жана техникалык камсыздоо жөнүндө маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө сот адилеттигин жүзөгө ашырууда орчундуу болгон жагдайлар, ишти кароонун сапатын жакшыртуу, орун алган кемчиликтерди талдоо жана жоюу, мыйзамдардын талаптарын, Кыргыз Республикасынын судьясынын Ар-намыс кодексин бекем сактоого, ошондой эле соттук иштерди кароонун сапатын жогорулатуу менен бирге иштерди кароонун процессуалдык мөөнөттөрүн сактоо тууралуу бир катар маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий