• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда 15 мектеп ЖРТдан жогорку көрсөткүчкө ээ болду

Аймак 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы 15 мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн 80%ы жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги тестинен 110дон жогору балл алган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Каныбек Иманалиев аталган мектептердин директорлоруна министрликтин ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Ыраазычылык баракчаларын алган мектептер:

Ала-Бука району:

- №37 Үч-Терек орто мектеби;
- №27 М.Сарыбаев орто мектеби;
- №26 Жаңышаар орто мектеби;
- №21 Совет орто мектеби;
- №30 Кара-Үңкүр орто мектеби;
- №35 Сафед-Булан атындагы мектеп-гимназиясы;

Жалал-Абад шаары:

- “Билимкана-Жалал-Абад” орто мектеби;
- №5 Б.Осмонов атындагы гимназия-мектеби;
- “Эверест лицейи” окуу тарбия-комплекси;
- №20 кыргыз-түрк кыздар лицейи;
- №15 Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк балдар лицейи;

Майлуу-Суу шаары:

- №4 Ю.Гагарин атындагы гимназия-мектеби;

Сузак району:

- №96 М.Торомаматов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби;
- Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу тарбия-комплекси;

Чаткал району:

- Б. Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби.

Пикир

Оставить комментарий