• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда 25-марттан бери үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 61 факт катталды – комендант

Аймак 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 25-марттан бери үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 61 факт катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө абал киргизилгенден бери өспүрүм балдарга байланыштуу ар кандай 9 окуя катталган.

"Балдар, үй-бүлөңүздөр менен үйдө отуруңуздар деп айтып жүрөбүз. Балдарга көз салып, тарбия иштерине көбүрөөк көңүл буруңуздар деп айтканга карабастан, тилекке каршы 25-марттан бери өспүрүмдөр арасында 9 кырсык, кокустук катталды. Анын ичинде 3 бала сууга агып кетип, экөөнүн денеси табылып, бирөөсү сакталып калды. Тилекке каршы ушундай да окуялар болду. Ата-энелерге балдарыңыздарга көз салып, көңүл буруңуздар деп кайрылабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий