• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда 322 мектеп салттуу режимде иштеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 322 мектеп салттуу режимде иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын 11-ноябрынан тартып Билим берүү жана илим министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык, 2-чейректе эпидемиологиялык абал туруктуу аймактардагы 322 жалпы билим берүүчү мектепте 133 миң 682 окуучу салттуу түрдө, ал эми эпидемиологиялык абал туруксуз аймактардагы 153 жалпы билим берүүчү мектепте 118 миң 51 окуучу аралыктан билим алууда.

Ызабеков кошумчалагандай, областтын аймагындагы медициналык мекемелеринде 336 миң 964 даана медициналык беткап, 27 миң 510 литр дезинфекциялык каражаттар (антисептик), 56 миң 561 бир жолу колдонулуучу жеке коргонуучу костюмдары, 5 миң 252 көп жолу колдонуучу жеке коргонуучу костюмдары, 74 миң 146 даана респиратор (FFP2), 15 миң 408 даана респиратор (FFP3), 1 миң 180 даана башка респираторлор, 18 миң 301 даана коргоочу көз айнектер, 248 миң 467 даана кол каптар бар.

Пикир

Оставить комментарий