• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 15.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жер бүгүн, 15-апрелде саат 15:49 чамасында титиреген. Жердин силкинүүсү Сузак районунун Жийде айылында 4 балл, ал эми Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий