• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 6-июнда түнкү саат 03:11де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Сузак районунун Кара-Чолок, Таран-Базар- 3 балл, Кара-Алма, Саты, Калмак-Кырчын, Жийде, Канжыга, Сай, Карамарт, Ак-Тоок, Сары-Булак айылдарында жана Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет, Орказган айылдарында 2.5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий