• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддын жетекчисинин орун басары жеке коргонуучу каражаттардын запасы тууралуу айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Бүгүн онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков жеке коргонуучу каражаттардын запасы тууралуу айтып берди.

"Облустун медициналык мекемелеринде 449 миң 749 беткап, 36 миң 976 литр дезинфекциялоочу каражат (антисептиктер), 59 миң 210 бир жолу колдонулуучу костюм, 4 миң 842 көп жолу колдонулуучу костюм, 36 миң респиратор, 17 миң 740 коргоочу көз айнек, 720 миң колкап, 124 миң 935 бахила бар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий