• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өттү

Аймак 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги 8-сессиясы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Ага шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Алгач, Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев КР Жогорку Кенешинин Ардак грамотасын Дүйшөнали Мамасалиевге жана Паязбек Байтиковго тапшырды.

Мындан сырткары, мугалимдердин майрамына карата үч депутат айымга белек тапшырылып, агартуу тармагына кошкон салымдары үчун ыраазычылык билдиришти. Андан соң тогуз айдын жыйынтыгы менен шаар ичинде жасалуучу иштердин бюджетин бекитүү, коммуналдык, социалдык жана муниципалдык менчик башкармалыгына тиешелүү бир катар маселелер каралды.

Алар - Борбордук базардын айланасындагы чачкынды сооданы иретке келтирүү, шаар аймагында эт, сүт азыктарынын сапаты, сертификаттары, мал союлуучу жана эт сатылуучу жайлардын санитардык абалына көзөмөлдү күчөтүү, Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн аталышын өзгөртүү жана шаардын жаӊы көчөлөрүнө ысым ыйгаруу маселелери.

Андан тышкары ар түрдүү маселелердин алкагында бир катар көйгөйлөр талкууланды. Эл өкүлдөрү Ч.Айтматов башкармалыгына караштуу Загорный көчөсүнө асфальт төшөө, жарандардын кызыл китеп алуусуна уруксат берүү, Дача жана Тайгараев айыл аймагына маршруттук каттамдарды көбөйтүү керектиги тууралуу маселерди көтөрүштү.

Мындан сырткары, "Курманбек Баатыр" атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин муниципалдык жери менен имарат үчүн ижара акысын төлөтүү жана Ж.Бакиев көчөсүндө орун алган 4 сотых жер тилкесин өзгөртүүсүз шаардын балансында калтыруу сыяктуу маселелер талкууланды.

Соңунда кышка даярдык боюнча мекеме-ишканалардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий