• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 8 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 8 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Ал белгилегендей, облус аймагында бир күн ичинде 15 кылмыш катталып, алардын дээрлик баарынын бети ачылды. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган док.

"Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 8 жаран кармалды: Жалал-Абад шаарында – 6, Сузакта – 2 адам. Ошондой эле күндүзгү профилактикалык иштердин жүрүшүндө милиция бөлүмдөрүнө 76 киши жеткирилип, алар түшүндүрүү иштеринин кое берилди", - деди ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-апрелге карата коронавирус жуктурган 69 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 23 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий